1- декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү
№7 .Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде,Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусунда калктын ден-соолугун коргоо боюнча координациялык комиссиянын ВИЧ-инфекциясынын алдын алуу боюнча иш чаралар планын ишке ашыруу жана дүйнөлүк практикада белгиленип келе жаткан “1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнун” белгилөө, АИВ-СПИД илдетине каршы күрөшүү жана алдын алуу максатында иш чара кабыл алынып, төмөндөгүдөй иштер аткарылды.
АИВ/СПИД жугуштуу илдетин алдын алуу максатында окуучулук комитет,класс жетекчилер тарабынан бурч уюштурулуп,класстык тарбия сааттар өтулду.
“СПИД-коркунучтуу дарт” деген темада тарбия завуч тарабынан тегерек стол өткөрулүп, 9-10-класстар тарабынан сурамжылоо жүргүзулүп видеороликтер тартылды.
“Убакыт менен ден-соолук көрүнбөгөн бакыт”,”Биз сергек жашоону тандайбыз!”,”Өзүндүн статусуңду бил!” ураанын негизинде 8-9-10-11 класстар арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү.










