12-декабрь «Адабият күнү»
№7.Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 12-декабрь “Адабият күнү” белгиленип, иш-чара кабыл алынып,төмөндөгүдөй иштер аткарылды.
12-декабрь “ Адабият кунүнө” карата өспүрүмдөр уюму жана окуучулук комитет тарабынан бурч уюштурулду. ”Аалам адамы-Ч.Айтматов” аталышындагы тарбия сааттар өтүлду. 3-4-класстар Ч.Айтматовко таандык учкул сөздөрдү айтып беришти. 5-7-8-класстар “Бугу-эне”, “Эрте келген турналар”,”Бетме-бет” чыгармаларын эң жогорку деңгээлде аткара алышты.
“Жамийла” повести тураалуу окуучулар чыгармачылык менен кыскаметраждуу кино тартышты.Кыргыз тилчи мугалимдер тарабынан поэзия кечеси уюштурулуп,эң жогорку деңгээлде көркөм окуу уюштурулду.Ар бир аткарылган иш чара мектептин соц.баракчаларына жүктөлдү.













