A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

Биздин сайтка кош келиңиз!

МЕНЮ

Улуу Ата Мекендик согушка 80 жыл


№7.Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрөгасынын 2024-жылдын 19-ноябрындагы №600 тескемесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2024-жылдын 3-декабрындагы №102-т тескемесине ылайык, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды сапаттуу даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу максатында иш чара кабыл алынып,төмөндөгүдөй иштер аткарылды.

Жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, Улуу Ата Мекендик согуштун,Ленинград блокадасынын,Чернобыль апаатынын катышуучуларынын эрдиктерин даңазалоо максатында класс жетекчилер тарабынан  тарбия сааттар өткөрүлдү.

“Эрдиги көз жаздымда калган баатырлар” аталышында тарых мугалими Чотурова Зарина тарабынан ачык саат белгиленди.Өспүрүмдөр уюму  жаштарды патриоттуулукка,мекенчилдикке тарбиялоо максатында Улуу Ата Мекендик согушту чагылдырган видеороликтерди даярдап жатат.Окуучулук комитет Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган бурч уюштурду.

“Мекенсиз адам-үнсүз булбул” деген темада тарбия иштери боюнча уюштуруучу Жүрсун кызы Бекзада тарабынан тегерек стол уюштурулуп жатат.

                     

© 2026 - №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби