A A A Ц Ц Ц Ц

ШРИФТ:

Arial Times New Roman

ИНТЕРВАЛ:

х1 х1.5 х2

ИЗОБРАЖЕНИЯ:

Черно-белые Цветные

№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

Биздин сайтка кош келиңиз!

МЕНЮ

Биз жөнүндө

№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин

АННОТАЦИЯСЫ

Мектеп алгач 1937-жылы Сары-Булуң аймагында 4 жылдык мектеп болуп түзулүп, элдердин сабатсыздыгын жоюу иштери башталган.

1945-1960-ж.ж Кара-Мырза атындагы 7 жылдык мектеп ачылып, Киров,Табылгыты айылынын балдары билим ала баштаган.

1958-жылы ашар жолу менен фундаменти таштан тизилип, 145 орундуу мектептин жаңы имараты бүтүп, 8 жылдык мектеп ачылган.

1960-жылы С.М.Киров атындагы 8 жылдык орто мектеби болгон.

1974-1991-ж.ж С.М.Киров атындагы 10 жылдык орто мектеби болгон.

1991-2010-ж.ж Кара-Суу атындагы 11жылдык орто мектеби болгон.

Мектепте Аалиев Сатыбалды, Таштемир Сатыбалдиев, Сатыбалдиев Кеңешбек, Кожомбердиев Мүкеш, Абдыманапова Дүйшөкан, Абдымомунова Ибадат, Жусубакунова Жумабү, Сулайманов Карыпбай, Стамбаев Шамыркан, Мааткеримов Жолборсказы   ж.б мугалимдер эмгектенишкен.

1992-жылы август айында Токтогул районунда болуп өткөн жер титирөөдөн мектептин дубалдарына жаракка кеткен. Текущий ремонт жүргүзүлүп келген.

2000-жылы АБР тарабынан терезе каалгалары алмаштырылып, капиталдык ремонт жүргүзүлгөн.

2003-2004-окуу жылы Эпээва Винара директор, Какаева Миргүл окуу бөлүмүнүн башчысы болуп мугалимдердин саны 35, окуучулардын саны 411ге жеткен.

2003-2004-окуу жылында Дамир уулу Темирбек, Орозова Тахмина “Артыкчылык аттестатына” ээ болгон.

2004-2005-окуу жылында Уранбекова Жылдыз, Турдалиева Жибек, Кыргызалиева Нурайым, Орозова Райгүл “Артыкчылык аттестатына” ээ болушкан.

2004-2005-окуу жылында областык деңгээлде “Жылдын мыкты мектеби” сынагына катышып 3-орунга ээ болгон.

2006-2007-окуу жылында Мерси КО долбоору менен 80миң сомдук мектепке  инвентарь аланган. АРИС долбоору менен электр жылыткычына өткөрүлгөн.

2008-2009-окуу жылында демөөрчүлөрдүн жардамы менен кабинеттер жасалгаланып, областык деңгээлде “Жылдын мыкты кабинети” сынагына катышып 3-орунга ээ болгон.

2009-2010-окуу жылында мектептин 50 жылдыгын белгилөө менен, мектепти эң алгач пайдубалын тузгөн Таштемир Сатыбалдиевдин ысымы берилип, “№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби” деп аталган.

2011-2012-окуу жылында ЖРТгө 19 окуучу катышып, Бегимбаева Мацйрамкүл 179 бал, 9окуучу 110-140 бал топтоп, 52,6 пайызды түзгөн класс жетекчиси Какаева Миргул.

2012-жылы райондук ӨКМ жана райондук мамлекеттик администрация тарабынан комиссия түзүлуп, мектеп толугу менен жараксыз деп табылган.

2013-2014-окуу жылы “Жылдын мыкты мектеби” аталган.

2014-2015-окуу жылы 225орундуу 53700 (элүү үч млн жети жүз миң) сомдук мектептин курулушу Жалал-Абад “СМР курулуш компаниясы” тарабынан башталган.

2019-2020-окуу жылында 225орундуу мектептин окуу корпусунун80% буткөрүлүп окууга уруксат берилди.

 

Мектептин миссиясы:

“Жаңы технологиянын негизинде билим сапатын көтөрүү, ыймандуулукка тарбиялоо”

Мектептин концепциясы:

Сапаттуу билимге ээ болгон, коомго пайдасы тийген, улуттук каада-салттарды сактаган, руханий дүйнөсү бай, мекенди суйгөн,социалдык-экономикалык кырдаалга ыңгайлашып кете алуучу, мекени үчүн күрөшкөн жаштарды тарбиялоо.

© 2026 - №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби