«Ата-энелер» мектеби
№7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде тарых мугалими Чотурова Зарина Г.Мадаминовдун “Ата-энелер” мектеби боюнча бир айлык (72 сааттык) онлайн курсунда окуган.Азыркы учурда мектепте “Ата-энелер” мектебин жетектеп жатат.”Ата-энелер” мектеби боюнча иш план кабыл алынып,төмөндөгүдөй иштер аткарылды.
9-декабрь “Ата-энелик сүйүү” аталышындагы энелер мектеби өткөрүлдү.
Ата-энелерге чакыруу таратылып,эне менен баланын ортосунда сүйүүнү көрсөткөн сүрөттөр көрсөтүлүп,ата-энелер талкуу жаратышты.
“Ата-энелик сүйүү” боюнча презентация көрсөтүлду жана ата-энелерге ар кандай оюндар ойнотулду.(Бакты коюп жүрөкчөлөрдү чаптайбыз,”Бала ата-энеден эмнени күтөт”, “Б”,”М”,”К”,”А”,тамгаларынан командаларга берип балдарга эркелеткен сөздөрдү айтуу, “Эки командадан 4 ата-энени чыгарып,көздөрүн байлап ручканы таптыруу,жана маанисин айттыруу) .
Сабактын жыйынтыктоосунда ата-энелер менен биргеликте “Билим пирамидасын” курушту.









