«Зордук зомбулуксуз 16кун»акциясы
N7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Зордук зомбулуксуз 16кун» акциянын алкагында спорттук оюндар, «Зомбулукка каршыбыз» аттуу сүрөт конкурстарды уюштурулуп, алдыңкы 1-2-3-орундарга акчалай сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды. Бул иш чарага Райондук социалдык башкармалыгынан Жээналиева С, Дайырбек кызы Элизат катышышты. Сары булуң айыл аймагынын кеңешинин төрайымы Эпээва В, Сары булуң айыл аймагынын айылдык депутаттары Турарбек кызы Кайыркул, Жусубакунова Чынара, Чокморов Алтынбек, Сары булун айыл аймагында уюшулган комиссиянын төрайымы Султаналиева Бермет, Кадырбекова Бурул Чокморов Алтынбек катышып, иш чарага жакшы ой пикирлерин билдиришти.